• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Кызматтан убактылуу алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыкты. Маалыматты "Кабар" агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан ырасташты.

Маалыматка ылайык, чечим күн мурун кабыл алынган.

"Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, Мээрим Тилекова 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Тилекова үстүбүздөгү жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий