• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аманбаев: Өткөрмө бекеттердин ишин контактсыз формага өткөрүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Бактыбек Аманбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси белгилегендей, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда учурда мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды өткөрүү, көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча 8 кызмат иш алып барууда, эгерде мында бирдиктүү автоматташтырылган товарларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө тутуму болсо, иш бир кызмат аркылуу гана жөнгө салынмак.

«Биз чет мамлекеттердин тажрыйбасын пайдалануубуз керек, анда көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы товарларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө автоматташтырылган тиртипке өткөрүлгөн, аталган ишти техника аткарат. Ишти контактысыз формага өткөрүү коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоет», - деп белгиледи Бактыбек Аманбаев.

Ошондой эле Аманбаев белгилегендей, жүк ташуучу унаалар мамлекеттик чек арадан өтүүсүндө тийиштүү кызматтар тарабынан үстүртөн гана каралат, бул аткезчилик жана башка тыюу салынган товарлардын ташылып кирүүсүнө толук бөгөт кое албайт.

«Контактысыз негизде иш алып барган сканердик техниканы орнотуу керек. Бул аткезчилик жана башка тыюу салынган товарларды республиканын аймагына киргизилишине чек гана койбостон, көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы тутумду коррупциялык көрүнүштөрдөн сактайт», - деди ал.

Андан соң Бактыбек Аманбаев көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу товарларды өткөрүү, көзөмөлдөө жана эсепке алуу алгоритми менен таанышты.

Белгиленгендей, айрым учурда каттоо китебинде көрсөтүлгөн сандар көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн транспорттук каражаттардын реалдуу санын көрсөтө бербейт, бул өткөрүү пунктундагы коррупциялык схемалардын орун алгандыгынан кабар берет.

«Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү кызматтарга, анын катарында салык жана бажы кызматтарына, чек ара кызматына товарларды эсепке алуу пунктунун ишинде ачык-айкындыкты, товарларды өткөрүүнүн автоматташтырылган эсепке алуусун камсыздоо аркылуу тутумдуу өзгөртүүлөргө багытталган сунушарды киргизүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Ошондой эле өткөрүү пункттарындагы кызматкерлердин ротациясын жүргүзүү тапшырылды.

Аталган өзгөртүүлөр коррупциялык көрүнүштөрдү жана тобокелдктерди толук четке кагуу максатында жүргүзүлүүдө», - деп жыйынтыктады Бактыбек Аманбаев.

Пикир

Оставить комментарий