• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Араванда билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде кемчиликтер аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Араван районунун Төө-Моюн айылындагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде бир катар кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгунүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү №65 кесиптик лицей, № 12 М.Кадыров атындагы орто мектебинин жана Төө-Моюн айылдык ооруканасынын кышка даярдыгы, окуучуларга жана бейтаптарга берилүүчү тамак-аштын сапаты текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө №65 кесиптик лицейинде азык-түлүктүн сапатында кемчиликтер жана бир катар тиешелүү иш кагаздар жок экени маалым болду.

"№12 М.Кадыров атындагы орто мектебинде жылытуу системасы начар экени жана кышка даярдыгы толугу менен бүтпөгөнү аныкталды. Ал эми Төө-Моюн айылдык ооруканасында азык-түлүктү каттоочу иш кагаздарда кемчиликтер жана сапатсыз көмүр алынганы белгилүүболду", - деп айтылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен атайын корутунду жазылып, тиешелүү кызмат адамдарына чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий