• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Арча-Бешик конушунун тургундары бакчаларын ичүүчү суу менен сугарууда - мэрия

Коом 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Арча-Бешик конушуна суу келип, тургундар бакчаларын сугара баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу аталган конушка 8-июнга караган түнү келди.

Конуштун жашоочулары дароо бакчаларын ичүүчү суу менен сугара баштады.

Борбор калаанын мэринин орун басары Жыргылбек Шамыралиев жооптуу шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте суунун келишин текшерип, сугат иштери менен алектенген тургундарды аныктоодо.

Эскерте кетсек, кечээ Арча-Бешик конушунун тургундары таза суу маселесинен улам Түштүк магистралын жаап салышкан. Ал жерге "Бишкексууканал" ишканасынын өкүлдөрү келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий