• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Арча-Бешик конушунда "Таштанды ыргытпагыла" деген атайын белгилер орнотулду

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Арча-Бешик конушундагы Чортеков жана Кара-Кужур көчөлөрүнүн кесилишине "Таштанды ыргытпагыла" деген атайын белгилер орнотулду.

Мэриядан билдиришкендей, шаардын четиндеги конуштарда таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу фактысы көп катталып, буга байланыштуу мэриянын муниципалдык инспекциясы рейддерди жүргүзүүдө.

Рейд учурунда муниципалдык инспекциянын инспекторлору атайын белгилерди орнотуп жатат. Андан сырткары, инспекторлор конуш башчылары менен жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундарга таштандыны белгиленбеген жерге таштабоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырышты.

Ошондой эле, чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке компаниялардын санитардык ченемдердин сакташы боюнча өзгөчө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин беренелерине ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий