• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Артем Новиков Дүйнөлүк банк Кеңсесинин жетекчиси Навид Накви менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. КР премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банк Кеңсесинин жетекчиси Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына өнүгүүнүн бардык маанилүү багыттарында олуттуу колдоо көрсөткөн биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. Дүйнөлүк банк тарабынан кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан көмөгүнө кубанычтабыз. Биз үчүн коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү. Биргелешкен күч-аракет аркылуу экономиканы стабилдештирүү боюнча антикризистик чараларды ишке ашырабыз жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыра алабыз деп ишеним билдирем», - деди Артем Новиков.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви каржы институту биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендигин белгиледи.

«Учурда республикада жалпы суммасы 750 миллион доллар болгон 24 долбоор ишке ашырылууда. Учурда бул сумманын 10% гана тартылган. Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр», - деди ал.

Маалымдама: 1992-жылдан бери Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк Банк жалпы суммасы 2159,6 млн АКШ долларынан ашык суммага келишимдерге кол коюшкан, анын 1332,0 млн доллары насыя, 827,6 млн АКШ доллары гранттык негизде.

Пикир

Оставить комментарий