• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Асизбаев: Бул акыркы 5 жылдагы эң маанилүү форум

Коом 0


Бишкек, 24.05.22 /Кабар/. Бул акыркы 5 жылдагы эң маанилүү жана көптөн бери күтүп келген форум, деди Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору Рустан Асизбаев алдыдагы 26-майга пландалган Евразия экономикалык форумуна комментарий берип жатып.

Форумдан күтүлүп жаткандар тууралуу айтып жатып, Асизбаев бул ЕАЭБ өлкөлөрү менен өнүгүүнүн негизги багыттары экенин белгиледи. “Биримдик өлкөлөрү менен болгон маселелерди чечүү зарыл”, - дейт ал.

УСИИнин башчысы ЕАЭБ Кыргызстан үчүн – өлкөнүн келечеги деп эсептейт. Ал түшүндүргөндөй, кайсы өлкө болбосун экономикалык коомчулукка интеграцияланышы керек.

“Анткени постсоветтик өлкөлөр болгондуктан, бизде бир тил, бирдиктүү маданият, бирдиктүү советтик билим бар. ЕАЭБ болбошу керек деген айрым саясатчылар терең жаңылышат", - деди ал.

Асизбаев кошумчалагандай, биримдиктин өлкөлөрү ЕАЭБди 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгышкан, анда негизги багыттар төмөнкүлөр: билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, туризм тармактарынын негизги багыттарын өнүктүрүү, андан тышкары айрым өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү.

Ал ошондой эле Евразия экономикалык форуму келечекте биз чече турган көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди көрсөтөт жана бул пункттарды чечсе болот деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий