• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскаров: Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коёт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Нарын облусунун Ат-Башы районунан жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Вице-премьер-министр, тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп беришти.

Замирбек Аскаровдун айтымында, долбоорлордун жалпы сметалык наркы 289 млн АКШ долларын (19 миллиард сом) түзөт. Бул каражат эч кандай насыяга, карызга алынган жок, инвестордун накталай акчасы. Акча каражатынын бардыгы инфраструктуралык курулуштарга жумшалат.

«Индустриалдык-соода-логистикалык борбордо бажы, логистикалык зоналары, соода жүгүртүүчү аймак жана өзүнүн борборлоштурулган жылытуу, жарык берүү системасы болот. Мындан тышкары шаарчада эмгектенгендер жана жергиликтүү эл үчүн спорт комплекстери, мектептер, медициналык корпустар курулат», - деди Замирбек Аскаров.

Муну менен катар вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоорлорду жүзөгө ашырууда экология маселесин катуу көзөмөлгө аларын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жылытуу жана жарык берүү системасына жашыл технология - күндүн энергиясын пайдалануу, канализация системасында калдыктарды чыгарбай турган технологияны колдонуу талабын коюуда. Кыргыз Республикасынын Президенти электрондук автоунаа каражаттарына өтүү боюнча маселени караштыруу тапшырмасын берген. Ага ылайык, бул логистикалык борбордо электромобилдер чыгарылат жана башка өндүрүш ишканалары ачылат», - деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Ошондой эле вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары жана тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери логистикалык борборго байланыштуу чыгып, чек ара, жумушчу орундары боюнча берилген суроолорго жооп беришти.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги бажы бекети бир метр ары да, бери да жылбайт. Ал эми индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук жана карапайым калк үчүн жашыруун эч нерсе жок. Борбордо 15 миң жумушчу оруну түзүлөт. Алардын 90% пайызы Кыргыз Республикасынын жарандары болот. Калган 10% жумушчуларды окута турган адистер. Алар Кытай Эл Республикасынан гана эмес, Европадан келе турган адистер болот», - деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Жолугушуунун соңунда Замирбек Аскаров тармактык органдарга индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу боюнча «Нарын» эркин экономикалык аймагы жана «Ат-Башы» Кыргыз - Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишим менен жергиликтүү элди тааныштыруу үчүн облустук, райондук администрацияларда шарт түзүүнү камсыздоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий