• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Асрандиев: Кризиске каршы чаралардын экинчи планынын негизги милдеттеринин бири – антикризистик фонд түзүү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кризиске каршы чараларынын негизги милдеттеринин бири – антикризистик фонд түзүү болуп саналат, анын каражаттарынын эсебинен ишкердик субъекттерине жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев белгилегендей, антикризистик чаралардын биринчи пакетинин алкагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлүп, 460 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлүп, салыктык төлөмдөр жана социалдык чегерүүлөр боюнча мөөнөттөр жылдырылды.

«Бизнести колдоо жана экономиканы акырындык менен калыбына келтирүү максатында экономика секторлорун жана ишкердик субъекттерин колдоо боюнча чаралардын экинчи пакети иштелип чыкты. Бул кризиске каршы чаралардын планы бизнес-коомчулуктун, көз карандысыз эксперттердин пикирлерин, донорлордун жана парламенттин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Планда капиталды жана мүлктү легалдаштыруу, «Кепилдик фонду» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүү, салык жана социалдык чегерүү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү каралган. Мындан тышкары экспорт жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытындагы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт. Экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Планда мамлекеттик жана муниципалдык мүлк боюнча ижараны төлөөдөн бошотуу каралган, чакан жана орто ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү пландалууда. Өз алдынча иштеген адамдарды майда каржылоо компоненти бар», - деп белгиледи Эркин Асрандиев.

Ал баса көрсөткөндөй, кредит берүүнүн негизги багыттары катары жеңил өнөр жайы, туризм, чакан жана орто ишкердик субъекттери, майда каржылоо, санариптештирүү, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканалар, фармацевтикалык өндүрүш, жүк ташуучу транспортту жаңылоо болуп саналат.

Азыркы учурда жеңилдетилген кредит берүү программасы шарттары, мөөнөтү жана артыкчылыктуу багыттары боюнча толукталып иштелип жатат.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий