• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин батыш тарабына 17 жаңы трансформатор орнотулуп, 125и оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Быйыл Бишкектин батыш тарабына 17 жаңы трансформатор орнотулуп, 125и оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, учурда Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш РЭТинде энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

2024-жылдагы оңдоо иштеринин планына ылайык, 40 чакырымдан ашык 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары заманбап СИП зымдарына алмаштырылат. Ошондой эле 125 трансформатор жана 21 чакырымдан ашык аба чубалгысы оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

"Ошондой эле 17 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторлорго жана 10 кВ чыңалуудагы май өчүргүчтөрү вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылат. 700 метрден ашык кабелдик чубалгылар курулуп, 190 метрге жакын кабелдик чубалгы реконструкцияланат", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалашкандай, пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Бишкек электр тармактар ишканасынын www.bipes.nesk.kg сайтына жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемеси аркылуу да жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий