• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ат-Башыда шамалдан жабыркагандарга камсыздандыруу уюмунан акчалай жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.06.20./Кабар/. Ат-Башыда шамалдан жабыркагандарга камсыздандыруу уюмунан акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күнү катуу шамалдын кесепетинен бир катар турак жайлар жабыркаган. Алардын ичинен 7 тургундун турак жайы камсыздандырылган. Үйлөрү камсыздандырылган 7 үй-бүлөгө мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан жалпы 82 миң 306 сомдү түзгөн сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, болуп өткөн катуу шамал район боюнча 67 үйдүн жана 83 короо жайдын чатырын учурган.

Пикир

Оставить комментарий