• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Атаханов ЭКУга мүчө-мамлекеттердин ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Азербайжадын Шуша шаарында өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин 27-жыйынына катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, Авазбек Атаханов өз сөзүндө Кыргызстандын ЭКУга мүчө-өлкөлөр менен соода-экономикалык, инвестициялык, каржылык, транспорттук кызматташуусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана негизги багыттарын көрүү жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Авазбек Атаханов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун «жашыл экономика» жана «туруктуу тоолорду өнүктүрүү» атуу демилгесин жана ЭКУга мүчө-мамлекеттердин тоолуу аймактарды колдоо жана “жашыл” өнүктүрүү өз ара аракеттенүү маселелеринде күч-аракеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө чакырды.

Мындан тышкары, министрдин орун басары ЭКУга мүчө өлкөлөр менен кызматташууда Борбордук Азия өлкөлөрүн Перс булуңунун жана Араб деңизинин деңиз порттору менен байланыштырууга жөндөмдүү Түндүк-Түштүк жана Чыгыш-Батыш транспорт коридорлорун өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Ушуну менен катар, ЭКУга мүчө-мамлекеттерди дүйнөлүк соода лидери Кытай менен байланыштыра турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

ЭКУнун министрлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Шуша декларациясы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий