• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө ок атылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атышуу болду. Бул атайын даярдыктагы аскерлер келгендиктен болууда, - деп билдиришүүдө күбөлөр.

"Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн милицияга чалуу түшкөн.

"Жерине Чүй облустук ИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып кетти. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деп кошумчалашты милициядан.

Ал ортодо социалдык тармактарда Атамбаевдин үйүнөн тартылган видео пайда болду.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев үч ирет ИИМге суракка чакырылган болчу.

Мурдараак Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий