• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азаматбек Жоробеков Мамлекеттик банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. 22-августта Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коому тарабынан "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Жоробеков Азаматбек Жолборсовичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.

Эске салсак, Мамлекеттик банктын капиталы 2 млрд сомду түзөт, учурда каражат мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий