• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бообек Ажикеев Азербайжан элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 17.09.21./Кабар/. Кечээ, 16-сентябрда КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Оруджев Гидаят Худуш оглу менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда активдүү колдоосу үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Андан ары тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуу сыяктуу министрликтин негизги милдеттерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар бул жолугушуу мындан аркы эки тараптуу кызматташууну жаңы бийиктиктерге алып чыгууга өбөлгө болорун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий