• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүнкү күндө эмдөө COVID-19га каршы эң келечектүү ыкмалардын бири — профессор

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө эмдөө COVID-19га каршы күрөшүүнүн эң келечектүү ыкмаларынын бири деп эсептелет. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинин базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы, профессор Аида Зурдинова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19га каршы 280 вакцина болсо, анын 96сы адамга, 184ү клиникага чейинки сыноолордон өтүп жатат.

“Бирок жаңы вакциналардын пайда болуу ылдамдыгы жалпы калктын жана медициналык коомчулуктун ичинде көп талкууларды жана тынчсыздануусун туудуруп жатат. Вакциналардын сапаты, эффективдүүлүгү жана коопсуздугу клиникалык изилдөөлөрдө кылдаттык менен изилденүүдөбү деген суроолор көп жаралууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий