• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Баары жакшы болот! Азиз Мурадиллаев кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек. 14.12.22. /Кабар/. Ооруканада дарыланып жаткан актер Азиз Мурадиллаев жардам колун сунган президентке жана кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Актердун видео кайрылуусун коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Мен үчүн кабатыр болуп, жардамын аябагандардын баарына ырахматымды айтам. Жакшылыкта жолугабыз деп ишенем. Баары жакшы болот", - деди Мурадиллаев.

Ассоль Молдокматованын айтуусуна караганда, актёрго тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү болгон Орозгүл аттуу эжеси донор болууга даяр.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.

Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.

Пикир

Оставить комментарий