• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев бир катар мамлекеттердин элчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Түркиянын элчиси Ахмет Садик Доган, Ирандын элчиси Голам Хоссейн Ядегари жана Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Бул эки тараптуу жолугушуулардын максаты соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана андан ары кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу жана жогоруда аталган өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү жогорулатууга басым жасоо болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары элчилер менен биргелешкен инвестициялык өнүктүрүү фонддорун түзүү, Кыргыз Республикасында соода-логистикалык борборлорду түзүү, транспорттук кызматташтык жана транзиттик жүк ташуу, эки тараптуу Өкмөттөр аралык комиссиялардын отурумдарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле аталган багыттар боюнча мыйзамдык базаны кеңейтүү тууралуу кеңири талкуулады.

Бул маселелерди алдыга жылдыруу үчүн тараптар эки тараптуу форматта бир катар иш-чараларды, анын ичинде Экономика министрлигинин жана тиешелүү ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде сапарларды жасоону макулдашышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кытайдын, Түркиянын, Ирандын жана Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн, тармактык министрликтеринин жана өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде өкмөттөр аралык деңгээлде кызматташууну активдештирүү жана бекемдөө үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий