• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балет театрынын өкүлдөрү чет элдик артисттер мындан ары чакыртылбайт деген маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын өкүлдөрү чет элдик артисттер мындан чакыртылбайт деген маалыматты четке какты.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын эмгек сиңирген артисти Юлия Бабич 6-марттагы Опера жана балет театрында болгон окуя биринчи жолу болуп, мындай көрүнүш кайталанбашы керектигин белгиледи.

"Азыр көпчүлүгү коммерциялык спектакль болбой турганын жана чет элдик артисттер чакыртылбай турганын жазып жатышат. Мунун баары жалган. Чет элдик артисттердин келиши өлкө үчүн майрам. Көрүүчүлөр аларды көрүү үчүн келишет. Эгер биз өзүбүздүн сахнабызда отура берсек, театр өнүкпөйт. Анткени тажрыйба алмашуу, жаңы көз караш жана жаңы таанышуулар керек. Чет элдик артисттер мындан ары келбейт деп айтуу туура эмес. Алар келет, биз чакырып турабыз", - дейт Юлия Бабич.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 6-мартында Опера жана балет театрынын артисттери орусиялык жылдыздарынын катышуусунда "Ак куу көлү" балетине катышуудан баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий