• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчыда батирден 86 жаштагы абышканын сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Балыкчыда батирлердин биринен 86 жаштагы абышканын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарында куткаруучулар С. Каралаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1936-жылы туулган Ч.Б. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине төрт куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий