• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолуна кар көчтү - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 68-чакырымында кар көчкү түшкөн. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кардын көлөмү 3000м3 түзөт.

Көчкөн кардын кесепетинен унаа жол убактылуу жабылган.

“Учурда жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок”,-деп билдирет ӨКМдин басм сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий