• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөндө экологияга зыян келтирип жаткан ишкана жабылды

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Кечээ, 6-декабрда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкеев жана тиешелүү кызмат жетекчилери Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы даарат кагазын чыгарган ишкананы жеринен көрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жергиликтүү тургундар аталган мекеме тийиштүү уруксат кагаздары жок иш алып барып, экологияга зыянын тийгизип жатканын айтып, арыз менен кайрылышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана турак-жай салууга берилген жерге курулганы, тиешелүү кызматтардан уруксат кагазы жок экени жана экологияга зыян тийгизип жатканы аныкталды . КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арызы менен Куршаб сайында иш алып барып жаткан шагыл чыгаруучу мекеме текшерилип, тиешелүү кызматтарга мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Жыйында жер тилкеси, айылдагы көйгөйлүү маселелер талкууланды. Өкүл тургундарын көйгөйүн угуп, жолугушууда айтылган маселелер чечилерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий