• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына которуу демилгеси каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин маалыматына караганда, азыркы учурда иш жүзүндө бар, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашат. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга мыйзам негизинде айыл макамын берүү зарыл.

Алардын катарына Баткен облусундагы Максат, Жезкен, Жалал-Абад облусундагы Коткор, Ош облусундагы Ак-Өргөө, Улуу-Тоо сындуу конуштар кирет. Андан сырткары, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Жезкен конуштарынын тургундары да жыйын өткөрүп, аларга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алышканы белгилүү болду.

Эгер аталган беш калктуу конушка айыл макамы берилсе, айыл башчылары дайындалып, бир катар жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелердин чечилишине өбөлгө түзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий