• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен жана Кадамжай райондорунда сел жүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү саат 17:30 чамасында Кадамжай районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен Охна сайында суунун денгээли көтөрүлүп, Күлдү, Жоогесек, Бостон тилкелеринде темир шакекче менен курулган 6 көпүрө жана ички чарбалык жолдордун болжол менен 230 м жана ички арыктардын болжол менен 170 м жери жабыркаган.

Бүгүн жерине сел кесепетин жоюу максатында жана суунун жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн 2 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылган.

Ошондой эле 6-июль күнү саат 20:00дөр чамасында Баткен районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен арыктагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Согмент айылында 4 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Селдин кесепетинен Газ айылында электр энергиясы өчкөн.

Бүгүн жерине тазалоо жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 29 куткаруучу тартылган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий