• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бүгүн Баткенде Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюунун 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда курман болгондор эскерилип, куран окулду жана курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлду.

Эскерүү иш-чарасына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус аймагынан келген Чернобль апаатын жоюуга катышкан ардагерлер катышты.

Белгилей кетсек, Баткен облусунан авариянын кесепеттерин жоюуга 146 жаран катышкан.

Пикир

Оставить комментарий