• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде куткаруучулар белин сындырып алган нидерланддык туристти тоодон түшүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Баткенде куткаруучулар белин сындырып алган нидерланддык туристти тоодон түшүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Централ Азия Тур” туристтик фирмасы ӨКМге Баткен районундагы Миң-Теке тоосунда турист бутун кокустатып, белин сындырып алгандыгын билдирип, жабыркаган жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган.

ӨКМден белгилешкендей, турист Нидерланддан келген 1986-жылы туулган Текстор Борис аттуу эркек киши болгон.

"Бишкек шаарынан ӨКМдин Авиациялык ишканасынын тик учагы саат 09:35те учуп чыгып, туристти алып түшүп, Ош шаарынын аэропортунда тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тик учак саат 17:55те туруктуу жайгашкан ордуна келип конду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий