• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде Сауд Арабиядан келген 8 адам карантинге алынды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Баткенде Сауд Арабиядан келген 8 адам карантинге алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, илдет аныкталган адамдар менен байланышта болгон жарандар такталып, Баткен облусунан 8 адам аныкталды.

"Алар Сауд Арабия мамлекетинен чогуу учуп келгендиги аныкталды. Учурда Баткен районунан 7 адам, Кадамжай районунан 1 адам ооруканада карантинде. Алардан коронавирус оорусуна анализдер алынды. 8 жарандын тең учурда абалы жакшы, коронавирус оорусунун белгилери жок", - деп айтылат маалыматта.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов тиешелүү жетекчилерди чогултуп, тапшырмаларды берди.

"Өкүл карантинге алынган адамдардын саламаттыгын дыкат текшерүүгө алуу, жакындары менен байланышына тыюу салуу, керек болгон бардык медциналык жардамдарды көрсөтүү, алардын жашаган үй жайларын дезинфекциялоону милдеттендирди. Ошондой эле коомдук жайларды, транспортторду дезинфекциялоо иштерин активдештирүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Баткен облусунда учурда азык түлүккө, медициналык каражаттарга, дары-дармектерге тартыштык жок. Базар баалары туруктуу. Той-аштар, массалык иш-чаралар токтотулду.

Белгилей кетсек, Сузак районунда үч адамдан коронавирус табылды.

Пикир

Оставить комментарий