• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Баткенде селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. 26-июль күнү Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут, Суу-Башы, Кара-Булак айыл аймактарында, Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен сел жүргөн.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сел суулары негизинен сайларда жүргөн, айрым жерлерде ички жолдорго, эгин талааларга зыянын тийгизген.

Тийиштүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүп, жол каттамы, сугат суу, электр энергиясы калыбына келтирилди. Учурда селден улам келтирилген зыяндарды тактоо боюнча жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий