• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде жерлерди мыйзамсыз ажыратып берген кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы “Х.С.” аттуу жаран менен жең ичинен сүйлөшүүгө барып, ага айыл чарба багытындагы жерлердин жайыт түрүнө кирген 19 млн 200 миң сом деп бааланган 10 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ажыратып берген. Ал эми аталган жаран жердин кыртышын бузуп, мамлекетке 464 миң 400 сомдук зыян келтирген.

Жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтында, жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп жиберген жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, келтирилген зыян толук өндүрүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий