• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргон: Мектептер окуучуларды кабыл алууга толук даяр

Аймак 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы мектептердин бардыгы сентябрь айынан тартып 1-класстын окуучуларын кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, район аймагындагы 66 мектептин бардыгы жаңы окуу жылына карата толугу менен ремонттон өттү. Райондо быйыл 1-класска кабыл алынган 3860 окуучу мектепке барат.

Республикалык штабдын чечими менен сентябрь айынан тартып 1-класстын окуучулары мектептен, 2-11-класстын окуучулары аралыктан билим алышат.

Райондун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын санитайзер, тепловизор менен камсыз кылуу айыл өкмөттөргө жана билим берүү бөлүмүнүн башчысына тапшырылды. Ал эми ата-энелер окуучуларды беткап, антисептик менен алып келүүсү эскертилди.

Ошондой эле Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Б.Саипов атындагы орто мектебинде быйыл БУУнун азык-түлүк программасы аркылуу башталгыч класстарга ысык тамак берүү ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий