• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргондо жергиликтүү жашоочунун үйүнөн 2 килограммдан ашык баңгизаты табылды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жергиликтүү жашоочунун короосунан 2 килограммдан ашык салмакта баңгизаты табылды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Мобилдик ыкчам бөлүмү башкармалыгынын кызматкерлеринин баңгизаттарды сатуу менен алектенген туруктуу каналды аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү аяктады.

Иш-чара баңгизаттарды жасоо жана сатуу менен алектенген топтун бетин ачуу боюнча жүрүп, 2021-жылдын 25-мартында кечинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда БМЖКККнын башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин “Шумкар” АБПнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин колдоосу менен баңги кылмышына шектүү катары жергиликтүү үч жаранды кармашты.

КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилер боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тинтүү иш-чарасынын натыйжасында, 1979-жылы туулган К.И. аттуу жарандын жашаган үйүнүн короосунан капка салынган кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 кг 80 грамм марихуана баңгизаты экени аныкталган.

Мындан тышкары, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган даректен дагы башка эки шектүү кармалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий