• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бажы кызматы мектеп окуучулары үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы мектеп окуучулары үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага борбор калаадагы №62 мектеп-гимназиясынын жогорку класстарынын окуучулары катышты.

Иш-чарада Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ведомствонун түзүлүп, өнүгүү тарыхына токтолуп, жүргүзүлүп жаткан иштерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууда кызматтын маанисин белгиледи.

Ошондой эле жогорку класстын окуучуларына бажы тармагында жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана кызматка кирүү үчүн кандай талаптар бар экендиги тууралуу маалымат берилди.

Андан кийин мектеп окуучулары ок атуучу куралдарды чогултуу/чачуу боюнча сабакка катыша алышты. Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын музейинде болушту, анда чакырылган бажы кызматынын ардагерлери бөлүмдүн тарыхын кыскача айтып беришти. Мындан тышкары, МБКнын Кырдаалдык борбору менен таанышуу уюштурулду. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ведомствонун ишмердүүлүгүн санариптештирүү алкагында аткарылып жаткан иштер көрсөтүлдү.

Ошондой эле окуучулар «Адистештирилген окутуу» бажысына барышты, аларга кинологдор кызматтык иттер менен машыгуу оюндарын көрсөтүштү. Мектеп окуучуларына баңги жана башка тыюу салынган заттарды издөө жана аныктоо жолдору көрсөтүлдү. Мындан тышкары, алар кызматтык иттердин жардамы менен тартип бузгандарды кармоо боюнча иштерин жүргүзүшкөн.

№62 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын танышуу иш сапары «Манас» бажысында уланып, анда жүргүнчүлөргө бажы контролун жүргүзүү жана товарларды бажылык тариздөөнүн жол-жоболору көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, “Бажы кызматындагы ачык эшиктер күнү” ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин көмөгү менен өтүп, анын негизги максаты мектеп окуучуларын бажы кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, адеп-ахлактык жана патриоттук тарбияны жогорулатуу, маалымат берүү жана бажы кызматынын кызматкеринин кесиби жөнүндө жана бөлүмдүн имиджин көтөрүү болуп саналат.

Иш-чаранын соңунда мектеп окуучуларына бажы кызматынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин азем белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий