• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бажычылар радиациялык коопсуздук боюнча билимдерин жогорулатышты

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. “Баткен” бажысынын кызматкерлери радиациялык контролду камсыздоо жана радиациялык коопсуздук боюнча билимдерин жогорулатышты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Окутуу 25-29-апрелде Түштүк-Батыш бажысынын базасында өттү. Семинар Кыргызстандагы АКШнын өкүлчүлүгүнө караштуу Энергетика министрлигинин “Ядердик материалдардын контрабандасын табуу жана бөгөт коюу” программасынын алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысы тарабынан уюштурулган.

Окуунун негизги бөлүгү практикалык сабактарга бөлүнгөн. Окуу процессинде кызматкерлер мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү бекеттеринде радиациялык контролду жүзөгө ашыруу маселесин жөнгө салуу жана негизги ченемдик-укуктук документтер менен таанышып чыгышты.

Ошондой эле колго алып жүрүү приборлорун практикада колдонуу жана пайдалануу боюнча көндүмдөрүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Окууудан “Баткен” бажысынын 11 кызматкери өттү. Курстун жыйынтыгы боюнча алар үчүн жыйынтыктоочу тест өткөрүлүп, анын негизинде кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий