• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бекболотов Россияда КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Россиянын Тула шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын алкагында коргоо ведомстволорунун башчылары дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал жана КМШнын жоопкерчилик зонасындагы учурдагы чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдө мындан аркы чаралар боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары шериктештик форматындагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу маселелерин, анын ичинде КМШнын абадан коргонуунун бириккен тутумун өнүктүрүү, аскер кадрларын биргелешип даярдоо жана бөлүкчөлөрдүн талаа машыгуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды талкуулашты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин 2024-жылга карата Иш планы бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий