• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бекешев: Биз адамды айыппул менен тарбиялай албайбыз, адамды эмгек гана тарбиялайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев өлкө аймагындагы таштандылардан арылуу максатында муниципалдык полицияны түзүү демилгесин көтөрүүдө. Анын пикиринде, ал үчүн Өкмөт бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү менен, жергиликтүү бийликтин муниципалдык полиция түзүүсүнө мүмкүнчүлүк бериши керек. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

«Ар кандай ишембиликтер менен акциялар убактылуу гана чара болгондуктан, таштандыдан арылуу маселесин чече албайт. Жергиликтүү деӊгээлде тазалыкка көзөмөл кыла турган полиция түзүлсө, өздөрүнө чектелген аймактарда кыйла майнаптуу иш алпармак. Албетте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын басымдуу бөлүгү дотацияда отургандыктан, полиция курамын күтө албайт. Ошондуктан, таштандылар үчүн айыппулдун өлчөмүн көтөрүү менен, атайын фонд түзүп, ошонун эсебинен муниципалдык полицияны кармап турса болот. Ага коомдук тартипке байланыштуу кошумча иш-милдеттерди жүктөсө да болот», - дейт ал.

Андан тышкары, депутат 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизиле турган Бузуулар жөнүндө кодекске да өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилейт. Анын айтымында, мыйзамда коомдук тартипти бузгандарга карата ар кандай айыппулдар гана каралып, аларды коомдук жумуштарга мажбурлоо сындуу таалим-тарбиялык жоопкерчилик чаралары камтылбай калган. «Биз адамды айыппул менен тарбиялай албайбыз, адамды эмгек гана тарбиялайт», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин депутаттары 19-23-март аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарууда.

Пикир

Оставить комментарий