• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Белгилүү ырчы Малик Аликеев Бишкек шаарындагы №4 ооруканага алып келинди

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Белгилүү ырчы Малик Аликеев Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүнө алып келинди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маданият министри Азамат Жаманкулов жана КР президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев белгилүү ырчы Малик Аликеев жаткан ооруканага барып кабар алып, президенттин атынан материалдык жардам тапшырды.

Алдын ала маалымат боюнча, Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы күтүлүүдө. Аликеевге буга чейин кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жерине (эки жагына тең) операция жасалган болчу. Бүгүнкү күндө операцияга даярдык көрүү иш-аракеттери жүрүп жатат. Аликеевдин учурдагы ден соолугу жана анын чыгармачылыгы эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө болот.

Жолугушуу учурунда Малик Аликеев кубанычын жашыра албай, мамлекет тарабынан жана жалпы элдин мындай колдоосу болуп турганда “Малик Аликеев таңшып, ырдап, кайрадан сахнага келип көрүүчүлөрдү кубантат”- деп билдирди.

Эске салсак, буга чейин Малик Аликеев Таласта болгондугуна байланыштуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчы менен 2-июнь күнү видео байланыш аркылуу баарлашып, министрлик тарабынан жардам бере тургандыгын маалымдаган.

Ал эми бүгүнкү күндө ырчыны Маданият министрлиги Таластан алып келип, Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүнө жайгаштырды.

Пикир

Оставить комментарий