• 88.68
  • 95
  • 0.95

Беловодск айылында алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Москва райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында алдамчылыкка шектелген жаран кармалган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шектүү жаран үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында чакан кредиттик компаниялардын биринин ишенимине кирип, жасалма документтерди берип, 200 000 сом акчасын алып, ошол боюнча из жашырып кеткени тууралуу ички иштер органдарына арыз түшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-март күнү Москва РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Беловодск айылынан жогорудагы кылмышка шектелип 39 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Ал КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

Кармалган жаран Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий