• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто соцтармакта террористтик уюмга таандык материалдарды тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.24. /Кабар/. Ошто социалдык тармактарда террористтик уюмга таандык материалдарды тараткан жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Кара-Суу райондук милициясы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда өздүгү белгисиз болгон жаран Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган террористтик уюмга таандык деп шек жараткан материалдарды активдүү түрдө жайылтып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Аталган маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде жана тийиштүү экспертизанын кортундусуна ылайык, социалдык тармактарга таратылган материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстан Ислам Кыймылы” террористтик уюмуна мүнөздүү деп табылган.

Жогорудагылардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 2001-жылы туулган И. уулу И. кармалып, камакка алынды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий