• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: Мектептердин интернет менен камсыз болушу 67 пайызга жетти

Коом 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги республиканын мектептериндеги санариптик билим берүү чөйрөсүнүн түзүлүшүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү. 2017-2018-окуу жылында 67 пайыз мектеп интернет менен камсыз болуп, 249 мектепке 1304 компьютер алынган.

Билим берүү системасын санариптештирүүнүн алкагында ведомство төмөнкүлөрдү түзгөн:

· 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын кошумча билим алуусу үчүн iBilim, 5-класстан 9-класска чейинкилер үчүн Билим булагы платформалары;

· Билим берүүнү башкаруу маалыматтык системасынын платформасында мугалимдердин айлык акысын автоматтык түрдө эсептөөчү “Ачык бюджет” программасы

Ошондой эле мектеп китептерин оңой жүктөп алууга мүмкүн болгон Lib.kg жана Кыргызстандын академиялык китепканаларынын электрондук түйүнү Кирлибнет ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий