• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы чек арадагы кезек күткөн айдоочуларга тамак уюштурду

Коом 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында кыйын абалда калган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын колдоо акциясын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул демилгенин алкагында "Ак-Тилек - автожол" контролдук-өткөрмө пунктунун алдында фуралар топтолгон жердеги 300дөн ашык айдооларга ысык тамак жана ичүүчү суу таратылды.

Салык кызматы чек арадан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү абалы турукташканга чейин мындай колдоо акцияларын өткөрүүнү улантуу ниетин билдирет.

Белгилей кетсек, 20-августтан тартып Казакстан расмий билдирүүсүз бир тараптуу тартипте кыргыз жүк ташуучу унааларынын өзүнүн өткөрүү пункттары аркылуу өтүүсүн чектеген. Кечээ, 24-августта Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн абалга көзөмөл жүргүзгөндөн кийин казак тарап унааларды өткөрүүнү көбөйткөн.

Пикир

Оставить комментарий