• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билимдин реформатору эле. Ошто Каныбек Исаков акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарында мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Коштошуу митинги К.Исаков бир нече жыл жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында болуп, ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, ЖКнын депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ош облсусундагы өкүлдөрү, маркумдун жакын санаалаштары, шакирттери, кесиптештери, окуучулары катышты. Алар Каныбек Исаковдун жаратмандыгын, адамгерчилигин жана мыкты жетекчилик сапатын эскеришти.

Таалайбек Сарыбашов Каныбек Абдуваситович мыкты инсан, билимдин реформатору, миңдеген адамдардын устаты, коомдо орду чоң, үлгүлүү адам экендигин баса белгиледи.

“Каныбек Исаков бүт өмүрүн өлкөбүздүн илим билим тармагын өнүктүрүүгө арнады. Бир нече жылдар бою Ош Мамлекеттик университетин жетектеп, өлкөбүздүн эң алдыңкы окуу жайына айландырды. Аз убакыт болсо да, мамлекетибизде кыйын кырдаал болуп турганда билим берүү жана илим министри болуп иштеп берди. Бүгүн, Исаковдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу кыргыз эли, анын жакындары, замандаштары, саясатчылар, кесиптештери, миңдеген студенттери эскерип, кайгырып олтурушат. Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери, бир нече жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси, жаш муундардын устаты, жакшы адам, жаратман инсан Каныбек Абдуваситовичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашайт. Мен чын дилимден Исаковдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам! Орду толгус жоготууну тең бөлүшөм. Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо, акырети абад болсун!”, - деди шаар жетекчиси.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.

Белгилей кетсек, Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду.

Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы мурдагы министр коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.

Маркумдун сөөгү бүгүн, өзү туулуп-өскөн Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий