• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Туризмди жайылтуу максатында БАЭден Кыргызстанга 150 блогер келди

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана туризмди жайылтуу максатында "Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan" аталышында масштабдуу маалыматтык кампания өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 22-сентябрда, аталган кампаниянын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынан 150 адамдан турган делегация Бишкекке келди, анын ичинде:

  • БАЭдеги 30 атактуу блоггерлер/инфлюэнсерлер;
  • БАЭнин 5 ЖМК өкүлдөрү;
  • БАЭнин туризм секторунун, туристтик бизнес-чөйрөнүн жана авиациянын негизги кызыкдар тараптарынан 5 катышуучу;
  • социалдык тармактарды активдүү колдонуу аркылуу тиешелүү Wizz Air Abu Dhabi сынагынын жеңүүчүлөрү болуп тандалып алынган 50 катышуучу;
  • атактуу саякатчылар.

Маалыматтык кампания БАЭде социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып, Кыргызстанда саякаттоо боюнча билдирүүлөр, видеолор, кийимдер конкурстары, аба ырайы жана тамак-аш боюнча темадагы посттор жарыяланат.

Бул кампаниянын негизги концепциясы БАЭ жана Перс булуңунун аймагында Кыргызстанды туристтик өлкө катары ооздон-ооз, блогерлер жана саякатчылар аркылуу маалымдоо болуп саналат.

Буга чейин Wizz Air Abu Dhabi Грузия менен Сауд Аравияда аталаган иш-чаранын эки маалымат кампаниясын өткөргөн, алар ийгиликтүү болгон жана БАЭ, Грузия менен Сауд Аравиясына туристтик агымдын көбөйүшүнө олуттуу таасирин тийгизген.

Жогорудагы иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү биздин өлкөнүн туристтик дараметин, мүмкүнчүлүктөрүн жана салттуу маданиятын дүйнөлүк аренада жайылтуу үчүн келечектүү мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий