• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Биринчи май райондук акимчилигинде жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча сунуштар айтылды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жана муниципиалдык аймактык башкаруунун башчылары менен биргеликте Биринчи май районунун акимиатынын жыйындар залында чогулуш болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Чогулушка Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Б.Алиев жана бөлүмдүн улук инспектору милициянын подполковниги Т.Абышкаев катышып, ар кандай формалык мүлктөрүнүн, жарандардын батирлеринин коопсуздугун сактоо үчүн дүрбөлөң баскычтарын (тревожная кнопка) орнотуу керектиги боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти.

Бул аракеттер Биринчи май районунун аймагында уурулук жана тоноочулукту азайтууга багытталганын айтышып, күзөт кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштырылып, ар бир МАБнын башчыларына буклеттер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий