• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек – Балыкчы поезди 15-августтан тарта каттай баштайт

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-августунан тарта № 608/609 Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди кайрадан каттап баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, № 608 Бишкек-2 – Балыкчы поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.

№ 609 Балыкчы – Бишкек-2 поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетинен 21:50дө келет.

Билет баалары:

Жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом.

Люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.

"Билет алып, бирок табигый кырсыктын кесепетинен поездге түшпөй калсаңыз, кассадан билетти алмаштырсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Боом капчыгайында селдин кесепетинен Бишкек-2 - Балыкчы каттамы убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий