• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Даун синдрому бар балдарга арналган "Көңүл борборунда" сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Даун синдрому бар балдарга, алардын ички дүйнөсүнө, ата-энелерине арналган "Көңүл борборунда" сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул социалдык долбоордун уюштуруучулары "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында ал тууралуу кеңири айтып беришти.

Чыгармачыл топ белгилегендей, көргөзмөдө көрсөтүлгөн эмгектер өзүнүн каармандарынын "Биз бул дүйнөдө жашап жатабыз" деген үнүн берип турат.

Коомдук ишмер, Евразиялык телеакадемиянын академиги Ассоль Молдокматова бул иш-чарага өз салымын кошкон.

"Ар бир 800-адам мындай аномалия менен төрөлөт. Ашыкча хромосома – коомдун ашыкча адамы эмес. Бизде баары тескери болуп, адамдар карап, колу менен көрсөтүп, жаман сөздөрдү айтышат. Муну жашырбай, ачык, эркин түрдө айта турган болсок Даун синдрому, аутист балдарга кайрымдуу мамиле жасаган туура муунду өстүрө алабыз", - дейт Молдокматова.

Ал, көргөзмөнүн башкы максаты баарынан мурда элди толеранттуулукка чакыруу экенин белгиледи.

Көргөзмөдө үч сүрөтчүнүн Айжан Нурланбекова, Руслан Рахманов и Татьяна Казаченконун 50гө жакын эмгеги коюлган. Аларды "Дордой Плаза – 2" соода борборунда саат 13:00дөн баштап көрүүгө болот.

Молдокматова билдиргендей, ал сүрөттөр жакын арада шаар көчөлөрүнө илинет. Бул боюнча шаар мэри Азиз Суракматов менен макулдашылган.

"Бирок, бул долбоорлор кыска мөөнөттүү. Өкмөттүн көңүлүн бургум келет. Максатыбыз – балдар бакчасын ачуу эмес, Даун синдрому бар балдардын коомго аралашуусуна колдоо кылган платформа түзүү", – деди ал.

Молдокматова белгилегендей, платформада ал балдардын ата-энелерине колдоо катары керек кызматтардын социалдык пакети болушу керек. Себеби, ата-энелердин көбү жумушун таштап, балдарын кароого мажбур болушат. Белгилүү болгондой, укалоого, дарыларга бир топ каражат кетет.

Ошондой эле, ал, Даун синдрому бар балдардын коомго аралашуусундагы маселени айтып өттү.

"Балдар өзүнүн кемчилиги бардай сезбеши үчүн коомду тарбиялоо зарыл. Ал балдар алардай экенин көрсөтө турган акцияларды өткөрүү кажет", - деди ал.

Балдарды сүрөткө тарткан сүрөтчүлөр, ал балдар менен иштешкендеги сезимдерин, ойлорун сүрөткө түшүргөнүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий