• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жаңы конуштарда мектептердин курулушу кандай жүрүп жатат? Мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы жаңы конуштардагы мектептердин курулушу тууралуу маалымат берди.

Мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштери төмөндөгү жаңы конуштарда жүрүүдө:

- 480 орунга эсептелген Алтын-Ордо конушундагы үч кабаттуу орто мектебинин ички жана сырткы жасалгалоо, жылытуу системасын жана жылуулук трассаларын куруу жана айланасын тосууга даярдоо иштери уланууда. Ошол эле учурда, электрдик жана сантехникалык жумуштар катарлаш жүргүзүлүүдө. Келечекте аймакты көрктөндүрүп, балдардын спорт аянтчалары курулат. Мектепти куруп жаткан подряддык уюм - "Ак-Бата" ЖЧК.

- Мурас-Ордо конушундагы 660 орундуу жалпы билим берүү мектеби "Ясин-Курулуш" ЖЧКсы тарабынан курулуп жатат.
Учурда мектептин үч блогунун ички жана сырткы жасалгалоо, айланасын көрктөндүрүү, ошондой эле мектептин фасадын жылуулоо иштери жүрүүдө Мектептин айланасын жашылдандыруу, тосмолорду, жолдорду жана тротуарларды, ошондой эле балдар үчүн спорт аянтчаларын куруу иштери каралган.

- Ак-Бата конушундагы №43 мектептин кошумча корпусу курулууда. Учурда чатырды жабуу, сыртын жылуулоо жана фасадды жылуулоо жана металл-пластикалык терезелерди, электр зымдарын монтаждоо иштери жүрүп жатат. Подряддык уюм - "СапатПром" ЖЧК.

- Рухий-Мурас конушунда 700 орундуу мектептин курулушу улантылып жатат. Спорттук блоктун, жер төлөөнүн, 1-2- блоктордун жана конференц-залдын каркастарын куруу иштери аяктады. Ошондой эле, жыйындар залынын 1- 2-блокторунун 1-кабатындагы плиталык жабуу жана 1-кабаттын кайчылаштарын бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга катарлаш сырттагы санитардык түйүн жана откананын курулушу башталды. Ошондой эле, спорттук блоктун фермаларын даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп "Рамзан" ЖЧКсы аныкталган.

- Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушун подряддык уюм "Фиеста Трейд Ком" ЖЧКсы улантууда. Азыркы учурда 2-кабаттын 1-блогунун жана 1- кабаттын 2-блогунун плиталык жабуусун, 2-кабаттагы конференц-залдын ригелдерин куруу иштери жүрүп жатат.

- Ак-Босого конушундагы 660 орундуу мектепти подряддык уюм "Эталон Вин Спец Строй" ЖЧКсы куруп жатат. Азыркы учурда котлованды казуу жана пайдубалдын астын шагыл менен толтуруу иштери аяктады. Бардык блоктордун пайдубалдарынын астына плиталар куюлган. Ошондой эле 3-блокто таяныч дубалдарын жана диафрагманы бекемдөө иштери жүрүп жатат.

- Көлмө конушундагы 380 орундуу орто мектептин курулушу бардык 5 блоктун пайдубалдарын түптөө баскычында. Буга катар сырттагы санитардык түйүн жана откананын курулушу жүрүп жатат.

Белгиленгендей, бардык мектептерде айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тосмолоо, жолдорду жана тротуарларды, ошондой эле балдар спорт аянтчаларын куруу иштери каралган.

Пикир

Оставить комментарий