• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Унааны дарактардын жанына токтотпоңуздар! Бишкек мэриясы жарандарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бишкекте кар жаап, абанын температурасы төмөндөндөгөнүнө байланыштуу дарактардын бутактарынын салмагы оорлошот.

Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын алдын алуу жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

"Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуздар, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана мэриянын колл-борборуна: күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлерине кабарлаңыздар, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтүңүздөр", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий