• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.01.19 /Кабар/. 21-23-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Ушундай эле абал Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдары, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунан 43-44 чакырымдары (Ийри-Суу участкасы) 67-90 чакырымдары (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

ӨКМ Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

– ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;

– тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

– кышкы дөңгөлөктөр;

– күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий