• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын филиалы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министр Бейшеналиев дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнүн жана саламаттыкты сактоону жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Эл Аман" дарыканасынын филиалын ачуу жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин башка демилгелери өлкөдөгү саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууга багытталган. Медициналык инфраструктураны кеңейтүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу иштери да көңүл борборунда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий