• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек шаарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы 1-октябрда аяктайт – вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бишкекте 1-октябрда күз-кыш мезгилине даярдык боюнча иштер толук аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйнында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, 74 отканада даярдык иштери аяктоо алдында турат, анын ичинен 22си жылытуунун альтернативдик түрүнө өткөрүлдү.

Ал жыл аягына чейин 9 конуш газга кошуларын белгиледи. "Шаарда 8 көмүр базасы иштеп жатат, анда 3 миң тоннадан ашык көмүр бар. Азыркы учурда көмүргө байланыштуу көйгөй жок", - деди ал.

Шамыралиев жыл башынан тартып 280 автобус алып келинди, эми дагы жыл аягына чейин 250 автобус келерин маалымдады.

Анын маалыматына ылайык, шаар боюнча 600дөн ашуун автобус газ менен жүрөт, бул абага зыяндуу заттардын чыгышын азайышын шарттайт.

Пикир

Оставить комментарий